Эксперт кандай кулакчындарды пайдалануу зыян экенин айтты

Кулакчын аркылуу уккан үндүн сапаты кулакка терс таасирин тийгизбейт. Ал эми музыканы катуу чыгарып угуу — ден соолукка зыян.
Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Өз атын сыйлап, сапат үчүн көп сумма жумшаган компаниялардын кулакчындары музыка угууда коопсуз каражат болуп эсептелинет. Бул тууралуу iMARS байланыш тобунун вице-президенти Владимир Нерюев билдиргенин РИА Новости жазды.
"Анча белгилүү эмес кытай аналогдорунан биринчи класстагы үн уктуруу аппаратын күтүп кереги жок. Мындай багытта өндүрүлгөн каражаттар көп образдуу, таза үндү бере албайт. Демек, барган сайын андан кыртылдаган, шуудураган, шыңгыраган үндөр кошо чыга бериши мүмкүн", — деди эксперт.
Ал белгилегендей добуштун сапаты кулакка терс таасирин тийгизбейт. Бирок музыканы катуу чыгарып угуу ден соолукка зыян. Ошондой эле ар кандай заманбап кулакчындар да угуу органына коркунуч жаратышы ыктымал.
"Кулак каналынын тереңине чейин кулакчын салып уксак, ал орточо көлөмдө болсо дагы кулакка бир топ басым жасайт", — деди Нерюев.
Буга караганда үндү жайлатып берүүчү кулакчындарды тандасаңыз - алар туура колдонулганда коопсуз жана оптималдуу үн менен камсыз кылышат.