БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова президенттин инаугурациясы шайлоо бүткөндөн кийин 50 күндүн ичинде болушу керектигин билдирди.
Анын айтымында, добуш берүүнүн расмий жыйынтыгы шайлоодон 20 күн өткөндөн кийин чыгат. Ал эми бир айдын ичинде инаугурация болушу керек.
"50 күндүн ичинде инаугурация болушу керекпи" деген тактоочу суроого БШК жетекчиси "ооба" деп жооп берди.
Автоматтык түрдө эсептөөнүн алдын ала жыйынтыгы боюнча президенттик шайлоодо Садыр Жапаров алдыда бара жатат.