Жети-Өгүздө балык уулоого кеткен киши изделип жатат

Көлдөн балык кармайм деп кеткен кишини издөөгө алгач эки куткаруучу, андан кийин дагы беш куткаруучу тартылган. ӨКМ кошумча маалымат берилерин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Чычкан айылында көлгө балык уулоого чыгып кеткен киши изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады. 
Издөө иштерин жүргүзүү үчүн бүгүн, 10-январда, саат 17:25те Жети-Өгүз райондук №36 өрт өчүрүү жана куткаруу бөлүгүнөн эки куткаруучу тартылган.
Саат 18:06да кошумча Каракол шаардык №15 ӨКБдан дагы беш куткаруучу барган.
ӨКМ кошумча маалымат берилерин айтты.