БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Ырчы Курал Чокоевдин интернетте талкуу жараткан долбоору этикалык баалуулуктарга каршы келген үчүн ырчыга жана долбоорго катышкандарга чара көрүлөт. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков Facebook баракчасына жарыялады.
Министр эркин ырчыларды жоопко тартуу мыйзамдарда каралбаганын айтып, бирок чектен ашкандарды тарбияга чакыруунун жолдорун карап жатканын белгилеп кеткен.
"Министрликке караштуу медиаборборлордун бардыгына бул эки ырчынын клиптерин, ырларын, сөздөрүн чыгарбоого көрсөтмө берилди. Эркин маалымат каражаттарына да ушундай сунуш жиберебиз. Театралдык-оюн-зоок мекемелерине да бул ырчылардын концерттерине тыюу салуу көрсөтмөлөрү даярдалып жатат", — деп жазган ал.
Кадырбеков, ошондой эле, ырчыларды мамлекет тарабынан берилген наамдардан да ажыратуу маселеси каралып жатканын кошумчалаган.
Учурда интернет колдонуучулары Курал Чокоевдин чет элдик көрсөтүүлөрдү туураган долбоорун катуу сынга алышууда. Ырчы Кайрат Примбердиев жана Кайрат Кыргыз катышкан бул долбоордо коомго жат, адепсиз сөздөр айтылат. Бүгүн Чокоев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу элден кечирим сурап, долбоорун токтотконун жарыялады.