БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Кыргызстанда башкаруу формасын тандоого 1 178 656 кыргызстандык катышып, референдумду таануу үчүн минималдык чектен ашты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Саат 18:00гө карата берилген маалымат боюнча, 33,08 пайызы өз тандоосун жасаган. Мыйзам боюнча референдумду өттү деп таануу үчүн шайлоочулардын 30 пайызы (1 миллион 69 миң жаран) катышышы керек.
“Негизи мыйзам боюнча референдумга шайлоочулардын 30 пайызы катышышы керек. Азырынча бул чектен ашты, бирок расмий маалыматты кол менен эсептегенден кийин айтабыз”, — деди Шайлдабекова.
Жалпысынан бул ирет 3 миллион 563 миң 574 шайлоочу катталган.
Аймактар боюнча маалымат:
Бардык маалыматты Sputnik даярдаган тексттик трансляциядан окуп-билүүгө болот.