Кыргызстандык спортчу күжүрмөн самбо боюнча дүйнө кубогун жеңди. Сүрөттөр

Мелдеш кечээ Санкт-Петербург шаарында өттү. Кыргыз спортчусу мелдеште 68 килограмм салмактагылар арасында күч сынашып, төрт киши менен кармашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Манас Абдаким уулу профессионалдык күжүрмөн самбо боюнча дүйнө кубогунун жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу анын машыктыруучусу Айбек Мусаев социалдык тармак аркылуу билдирди.
Турнир кечээ, 9-январда, Россиянын Санкт-Петербург шаарында өттү.
Манас Абдаким уулу мелдеште 68 килограмм салмактагылар арасында күч сынашып, төрт спортчу менен кармашкан. Ал бардык беттеште жеңип отуруп, дүйнө кубогун утуп алган.
Машыктыруучу Айбек Мусаев кошумчалагандай, дагы башка кыргызстандык спортчу Адилет Акматов (90 килограмм) экинчи, Бекназар Куштарбек уулу (62 килограмм) үчүнчү орунду алган.
Ошондой эле 74 килограмм салмактагылар арасында беттешкен дагы бир атлет байгесиз калган.