БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктардын 10 пайызы шайлоого катышты. Бул туурасында тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров билдирди.
Анын айтымында, чет өлкөдө жүргөн 49 497 жаран шайлоо укугуна ээ. Саат 15:00гө карата алынган маалымат боюнча 5 124 адам катышты.
Ошондой эле Россиянын Түштүк Сахалин жана Владивосток шаарларында добуш берүү аяктаган. Айрым шаарларда кечке жуук башталат.
Президенттик шайлоо жана референдум
Бүгүн республика боюнча 2 474, ал эми чет өлкөлөрдө 48 шайлоо участкасы ачылган. Жалпы жонунан 3 563 574 кыргызстандык добуш берүү укугуна ээ.
Мамлекет башчылыкка 17 талапкер ат салышууда, кимиси шайлоочулардын 50 пайыздан жогорку добушун алса жеңүүчү деп аныкталат.
Ал эми башкаруу формасын аныктоо референдумун өттү деп таануу үчүн шайлоочулардын 30 пайызы (1 миллион 69 миң жаран) катышышы керек.
Шайлоо участкалары саат 20:00дө жабылат.
Кыргызстандын аймагында шайлоо кандай өтүп жатканын Sputnik даярдаган тексттик трансляциядан окуп-билүүгө болот.