Бишкекте тынчтык жөө жүрүшү өтүүдө. Сүрөт, видео

Sputnik агенттигинин кабарчысы билдиргендей, бүгүнкү акцияга 50дөй киши чогулган. Алар Конституцияны өзгөртүүгө каршы ойлорун айтышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Ордо калаада тынчтык жөө жүрүшү өтүүдө.
1 / 5
Ордо калаада тынчтык жөө жүрүшү өтүүдө
2 / 5
Акциянын катышуучулары Темир жол бекетинин жанына чогулуп, Эркиндик бульвары менен борбордук "Ала-Тоо" аянтына келишти
3 / 5
Чогулгандар колдоруна "Кеч эмес, добуш бер!" деген лозунгдарды көтөрүп алышкан
4 / 5
Sputnik агенттигинин кабарчысы билдиргендей, бүгүнкү акцияга 50дөй киши чогулган
5 / 5
Алар Конституцияны өзгөртүүгө каршы ойлорун айтып, муну бийлик бир адамдын колуна өтүп калары менен түшүндүрүшкөн.
Акциянын катышуучулары Темир жол бекетинин жанына чогулуп, Эркиндик бульвары менен борбордук "Ала-Тоо" аянтына келишти. Чогулгандар колдоруна "Кеч эмес, добуш бер!" деген лозунгдарды көтөрүп алышкан.
Жүрүштүн видеосу Sputnik Кыргызстан Telegram каналына жарыяланды.
Sputnik агенттигинин кабарчысы билдиргендей, бүгүнкү акцияга 50дөй киши чогулган. Алар Конституцияны өзгөртүүгө каршы ойлорун айтып, муну бийлик бир адамдын колуна өтүп калары менен түшүндүрүшкөн.
Белгилей кетсек, мындай жөө жүрүш өткөн жекшемби күнү да болгон. Анда бийлик алардын талаптарына жооп берген.