БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Бишкекте шайлоого катышууга келген 20 киши медициналык жардам алды. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.
Бардык добуш берүү жайларына 729 медицина кызматкери коюлуп, керектүү дары-дармек жана аралыктан туруп ченеген термометр менен камсыздалган. Медиктер эки смена менен иштеп жатышат. Экинчи нөөмөтчүлүк саат 14:00дө башталды.
"Саат экиге чейин ак халатчандарга 20 киши кайрылды. Көбүнчө шаардыктар башы, тамагы ооруп, кан басымы көтөрүлгөнүн айтышкан. Тиешелүү медициналык жардамдар көрсөтүлдү", — деп жазылган маалыматта.
Ал эми шайлоо участокторуна Тез жардам бригадасы чакырылбаганы кошумчаланды.
Муниципалитет калаа тургундарын маска тагынып, антисептик колдонуп, социалдык аралыкты сактоого чакырды.