БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев президенттикке талапкерлигин койгондордун бирин дагы колдогон жок. Ал эми мамлекетти башкаруу формасы боюнча парламентаризмди тандады. Бул тууралуу Замир Жоошев билдирди.
Атамбаев №47 колониядан президенттик шайлоого жана башкаруу формасын аныктаган референдумга катышкан.
"Алмазбек Атамбаев бул шайлоодо бир дагы талапкерди колдогон жок. Тагыраагы, урнага таза бюллетенди салды. Ал эми башкаруу формасы боюнча парламентаризмди тандады", — деп жазды адвокат.
Юрист Атамбаев шайлоо алдындагы кампания учурунда бир дагы талапкерге элди үндөбөгөнүн жана башкалардан дагы суранбаганын кошумчалады.
Электрондук урналардын алдын ала эсептөөсүнө ылайык, шайлоодо Садыр Жапаров жеңип чыкты. Ал шайлоочулардын 79,26 пайыз добушун алды.