Активисттер Мелис Аспеков менен Улан Жураев УКМКнын тергөө абагына киргизилди

Маалым болгондой, Аспеков менен Жураев "Кыргыз темир жолу" ишканасынын башчыларынан 250 миң доллар талап кылышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Активисттер Мелис Аспеков менен Улан Жураев УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматынан кабарлашты.
Аспеков 9-март саат 00:25, Жураев болсо 9-март саат 02:05ке чейин абакта болот.
Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылды деп шектелген эки жаранды колго түшүргөн.
Кыргызстанда президенттик шайлоо жана референдум аяктады
8-январь күнү УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы "Кыргыз темир жолу" ишканасынын арызына ылайык, КР Жазык кодексинин 203-беренеси ("Опузалап талап кылуу") менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган.
Маалым болгондой, М.А. жана У.Ж. аттуу жарандар укук коргоо органдары ишкананы текшерет жана жетекчилигине каршы митинг уюштурулат деп коркутуп, ишкананын башчыларынан 250 миң доллар талап кылышкан. Алар маселени оң жагына чечүү үчүн сураган каражатты бергени айтылат.
Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген болчу.