Кыргызстанда 18 миңден ашуун киши мөөнөтүнөн мурун добуш берди

Ушу тапта Кыргызстандагы шайлоо участкаларынын баары иштеп, добуш берүүчүлөрдү кабыл алууда.
Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Мөөнөтүнөн мурун, башкача айтканда, 9-январь күнү Кыргызстанда 18 575 адам добуш берген. Бул тууралуу вице-премьер, шайлоо боюнча штабдын төрагасы Максат Мамытканов билдирди.
БШК шайлоочулардын көбү кайсы аймакта жашай турганын айтты
10-январь саат 08.00гө карата 18 575 киши, тагыраагы, арыз бергендердин 86,6 пайызы добуш берди. Ал эми шартка байланыштуу добуш бере албай калгандар бүгүн өз укугунан пайдалана алат.
Ушу тапта Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө шайлоо кандай өтүп жатканы тууралуу маалыматтар менен Sputnik жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан окуп-билүүгө болот.