Шайлоого 100 миңдей кыргызстандык катышты. Саат 10:00гө карата маалымат

Жалпы жонунан 2 474, ал эми чет өлкөлөрдө 48 шайлоо участкасы ачылды. Жалпысынан 3 563 574 шайлоочу катталган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Саат 10:00гө карата алынган маалымат боюнча, 99 772 адам келип президенттик шайлоодо добуш берди. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Анын айтымында, добуш бергендердин саны жалпы шайлоочулардын 2,8 пайызын түзөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын жана Бишкек, Ош шаарларынын тургундары активдүүлүгүн көрсөтүүдө.
Ал эми мамлекеттик башкаруу формасын тандоо үчүн өткөн референдумга азырынча 98 894 жаран катышкан. Бул жалпы шайлоочулардын 2,78 пайызын түзөт.
Кыргызстандыктар президентти кантип шайлап жатат. Онлайн-репортаж
Учурда Кыргызстанда президенттик шайлоо жана башкаруу формасын аныктоо үчүн референдум өтүп жатат. 17 талапкер мамлекет башчылыгына ат салышууда.
Бүгүн саат 8:00дө 2 474, ал эми чет өлкөлөрдө 48 шайлоо участкасы ачылды. Жалпы жонунан 3 563 574 шайлоочу катталган.
Добуш берүүгө келгендерге экиден бюллетень берилет: президенттикке талапкерлердин ысымы жазылган (ак түстө), экинчисинде башкаруу формасын аныктоо боюнча (көк түстө).