Президенттик шайлоо. Баткенде көчмө урна менен добуш берүү жүрүп жатат

Облустун шайлоо участкалары, мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоого жана башкаруу формасын тандоо боюнча боло турган референдумга даяр.
Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Бүгүн, 9-январда, Баткен облусунда ден соолугуна байланыштуу шайлоо участкасына бара албай тургандар көчмө урна аркылуу добуш берип жатышат. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.
"Облус боюнча 883 жаран үйүнөн добуш беришет. Алар буга чейин көчмө урна аркылуу добуш берүү үчүн шайлоо участкасына арыз менен кайрылышкан", — деп айтылат маалыматта.
Шайлоочулардын жалпы саны облуста 297 264тү түзөт. Ошондой эле 217 шайлоо участкасы даярдалган.
Бүгүн шайлоо участогуна бара албаган 21 миң жаран добуш берет
Шайлоо участкаларын электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында электр генераторлору коюлган. Ошондой эле участкалар жылууланган.
Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу облустагы шайлоо участкалары санитардык нормаларды сактоо үчүн коргонуучу жана дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздалды.
Жалпысынан коомдук коопсуздукту камсыз кылууга облус боюнча 880 милиция кызматкери тартылды. Ошондой эле 545 адамдан турган элдик кошуундар түзүлгөн.