Назарбаев аялдар жана сүйүүсү тууралуу суроого жооп берди

Казакстандын биринчи президенти журналисттин суроолоруна жооп берип жатып, аялдар тууралуу пикирин айтып, алардын эркектин жашоосундагы ролуна токтолду.
Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев телеканалдардын бирине маек куруп, анда сүйүү, аял, мамиле тууралуу жеке суроолорго дагы жооп берди. Андагы урунттуу учурларды Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Журнулист ага "азыр сүйүп калууга даярсызбы?" деген суроо берген.
"Жүрөктү туйлаткан сүйүү — мен бул нерсени башымдан өткөргөм. Мен эле эмес, жаштардын деле баш кошкондон кийин сүйүүлөрү тарап, бири-бирине сый-урмат пайда болот. Чогуу өткөргөн жылдарын баалап, сүйүүлөрү достукка айланат. Мындай убактардан өттүм. Ошентсе да кээде мени бирөөнү сүйүп калыптыр деген кептерди угуп калам. Комплимент үчүн рахмат! Менин курагымдагы кишиге мындай сөздөр комплимент болбой эмне. Рахмат", — деп жооп берген Назарбаев.
Нурсултан Назарбаев Акаев менен Бакиевди кантип качырганын айтып берди. Видео
Ошондой эле экс-президент аялдар тууралуу пикирин айтып, алардын эркектин жашоосундагы ролуна токтолгон.
"Аялзаты ар кандай болот. Бири — сулуу, келишимдүү. Экинчиси — үй-бүлө курууга ылайыктуу. Алар мээримдүү, камкор келет. Сага жардам берип, колдоп турат. Башкача айтканда, аны менен мамилеңде эч нерсени жаап-жашырбайсың. Үчүнчүсү менен башкача мамиле, өтө жакындык. Албетте, бул сезимдердин бардыгы бир аялда кезиксе өтө жакшы", — деди биринчи президент.
Сөзүнүн аягында Назарбаев аял менен күйөөнүн ортосунда эң негизгиси ишеним, сый жана сүйүү болушу керектигин кошумчалаган.