"Кыргыз темир жолунан" 250 миң доллар опузалап алган. УКМК шектүүлөрдү кармады

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы "Кыргыз темир жолу" ишканасынын арызына ылайык, эки шектүүгө карата сотко чейинки өндүрүштү баштады.
Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылды деп шектелген эки жаранды колго түшүрдү. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.
УКМК революция уюштурууну талкуулады делген саясатчынын аудиосун текшерет
Маалым болгондой, М.А. жана У.Д. аттуу жарандар укук коргоо органдары ишкананы текшерет жана жетекчилигине каршы митинг уюштурулат деп коркутууга алып, ишкананын башчыларынан 250 миң доллар талап кылышкан. Алар маселени оң жагына чечүү үчүн сураган каражатты бергени айтылат.
Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.