Мамдуманын депутаты: КР шайлоо мыйзамдары боюнча КМШны артта калтырыптыр

10-январь күнү өтө турган президенттик шайлоонун жана референдумдун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүү үчүн аталган байкоочулар тобу Кыргызстанга келген.
Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Кыргызстандын шайлоо боюнча мыйзамдары Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигиндеги өлкөлөргө салыштырмалуу бир топ позициялар боюнча алдыда турат. Бул тууралуу КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын байкоочулар миссиясынын төрагасы Виктор Заварзин билдирди.
Эске салсак, 10-январь күнү өтө турган президенттик шайлоонун жана референдумдун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүү үчүн аталган байкоочулар тобу Кыргызстанга келген.
Заварзиндин айтымында, Кыргызстандын шайлоо мыйзамдары эл аралык талаптарга толугу менен жооп берет.
"Кыргызстан шайлоого даяр экени түшүнүктүү. Биздин анализдер боюнча добуш берүү ийгиликтүү өтүшү керек. Кыргызстан шайлоо мыйзамдары боюнча жадагалса айрым КМШ өлкөлөрүн озуп өтүптүр, өзгөчө идентификация жаатында. Үлгү алабыз дегендер да болуп жатат", — деди Заварзин.
Бүгүн байкоочулар талапкерлер менен кезигип, андан тышкары, үйдөн добуш берүүнү каалаган жарандарды кыдырып чыгат.