Узун кезек, ыраазычылык, үмүт... Коронавируска каршы эмдөө учурундагы сүрөттөр

Sputnik

Дүйнө коомчулугунун негизги үмүтү болгон коронавируска каршы вакцина 2020-жылы иштелип чыкты. Аны алгач Россия даярдап, декабрь айында массалык түрдө өз элине колдоно баштады.

Коронавирусту 147 адам жуктуруп, 2 бейтап көз жумду. Соңку статистика
Бүгүнкү күндө жалпысынан 15,5 миллиондой киши коронавируска каршы вакцина алды. Лидер катары азырынча АКШ менен Кытай келе жатат. Бул өлкөлөрдө 4,84 жана 4,5 миллион киши COVID-19дан коргонушту.

Кыргызстанда азырынча бул процесс баштала элек, бирок бийлик Россия препаратын алууга кызыкдар болуп турат.

Пандемия башталгандан бери коронавирусту 85 миллион киши жугузуп, анын ичинен 1,8 миллиону каза тапты.

 

1 / 18
Иерусалим шаарында вакцина алууга келген адам
2 / 18
Бүгүнкү күндө жалпысынан 15,5 миллиондой киши коронавируска каршы вакцина алды
3 / 18
Испаниялыктар Pfizer-BioNTech вакцинасын алууда
4 / 18
Лидер катары азырынча АКШ келе жатат. Бул өлкөдө 4,84 миллион киши препарат алды
5 / 18
Францияда азырынча 5 миңдей киши коронавирустан коргонууга жетишти
6 / 18
Пекин шаарындагы вакцина алуучу жай
7 / 18
Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон вакцина алган адамды карап турат
8 / 18
Тель-Авив шаарындагы вакцинация борбору
9 / 18
Дубай шаарында 826 миң жаран вакцинага жетти
10 / 18
Вакцина сайып жаткан медайым тартылган граффити. Газа шаары
11 / 18
Индонезияда COVID-19га каршы вакцинаны жүктөп жатышат
12 / 18
Россияда алгач 60 жаштан өткөн адамдарга вакцина сайылууда
13 / 18
Буэнос-Айрестин (Аргентина) тургундарына россиялык "Sputnik V" препараты колдонулууда
14 / 18
Италиядагы вакцинация
15 / 18
Вакцина алган аял ыраазычылыгын айтууда. Греция
16 / 18
Берлин шаарындагы вакцинага кезек күтүү
17 / 18
Индиялык сүрөтчү вакцина көтөргөн медиктерди тартып жатат
18 / 18
Мексикада вакцина алып жаткан медик өзүн сүрөткө тартууда