Коронавирусту 147 адам жуктуруп, 2 бейтап көз жумду. Соңку статистика

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери коронавирустун COVID-19 инфекциясын жуктурган 82 138 учур катталды.
Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Республикада акыркы суткада COVID-19 инфекциясын жуктурган 147 учур белгилүү болгон. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери коронавирустун COVID-19 инфекциясын жуктурган 82 138 учур катталган.
Стационардык дарылоодо — 862, ал эми амбулатордук түрдө 1 232 бейтап дарыланууда.
147 адам сакайды:
Расмий маалыматка ылайык, республика боюнча өткөн жылдын мартынан баштап коронавирус инфекциясы менен 77 751 адам ооруп айыккан.
Акыркы суткада COVID-19 инфекциясынан Талас облусу менен Бишкектен эки бейтап каза тапты. Жалпы каза болгондордун саны 1 367 адамга жеткен.