БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын АКШны өз өлкөсүнүн негизги душманы деп жар салып, Россия менен мамилесин бекемдей турганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Ким Чен Ындын пикиринде, АКШнын башында ким турганына карабай, Вашингтон Пхеньянга карата саясатын өзгөртпөйт. Эки өлкөнүн мамилесинин жакшырышына бир гана АКШнын “душмандык саясаттан” баш тартышы түрткү болмокчу.
“Мындан улам Түндүк Корея өзөктүк кубаттуулугун бекемдеп, дал тийүүсү 15 миң чакырымга жеткен куралдарды чыгарууда. Ким Чен Ын суу алдында сүзүүчү ядролук кемени иштеп чыгуу аяктап, соккуга жооп кайтарчу технологияны күчөтүп жатканын кошумчалады”, — деп айтылат кабарда.
Ошондой эле Түндүк Корея лидери “жалпы коркунучтарга каршы туруу үчүн” Россия жана Кытай менен биргелешип иштешүүнү күчөтүү сунушун даярдап жатканын билдирди.