БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Казакстанда социалдык тармактарда койдун суукка тоңуп өлгөн видеосу тарады. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазып чыкты.
Кадр Алматы облусунун аймагында тартылган. "2021-жылдын биринчи айынын алтынчы күнү. Жансугурда кой ордунда тоңуп калыптыр", — деп айтат видеону тарткан автор.
Малды тургузуп тартып, аны түртүп салса айкел сыяктуу кулаган. Буга комментарий жазган колдонуучулар окуяга шок болгондорун билдиришкен.
Казгидрометборбордун маалыматы боюнча, 5-6-январь күндөрү Алматы облусунун аймагында чынында эле катуу суук болгон.
Түнкүсүн термометр –30...–32 градусту көрсөткөн. Ал эми айрым аймактарда -35 градуска чейин суук болгон.