Өлкөгө кирген түз инвестициялар 2,5 эсеге азайды. Тогуз айлык статистика

2019-жылдын январь-сентябрь айларында түз инвестициялардын өлкөгө кириши 1, 077 миллиард долларга чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Өткөн жылдын тогуз айында түз инвестициялардын Кыргызстанга кириши 30,9 пайызга төмөндөп, суммасы 398,35 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.
Өкмөт республикалык бюджетти колдоо үчүн элден акча чогултууну көздөп жатат
Салыштыруу үчүн айта турган болсок, 2019-жылы дал ушул мезгилде (январь-сентябрь) түз инвестициялардын өлкөгө кириши 1, 077 миллиард долларга чыккан. Мында 2019-жылга салыштырмалуу 26,4 пайызга өскөнү байкалган. Ошондой эле сыртка агылган каражаттын көлөмүнөн 403,87 миллион долларга көп болгон.