ТИМ: Индонезияда кулаган учакта кыргызстандыктар болгон эмес

Жээк күзөтчүлөрүнүн айтымында, суудан учактын калдыктары менен жүргүнчүлөрдүн сөөктөрү табыла баштады. Ал эми аба кемеси дагы деле изделип жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Алдын ала маалыматтар боюнча, Индонезияда кулаган учактын ичинде кыргызстандыктар болгон эмес. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Бүгүн, 9-январда, Sriwijaya Air авиакомпаниясына тиешелүү аба кемеси Жакарта шаарындагы аэропорттон учуп чыкканына төрт мүнөт болгондон кийин кырсыктаганы маалым болду.
Жээк күзөтчүлөрүнүн айтымында, суудан учактын калдыктары менен жүргүнчүлөрдүн сөөктөрү табыла баштаган.
Индонезиянын бийлиги бортто 65 киши болгонун кабарлады. Алардын 53ү жүргүнчүлөр болсо, 12си экипаж мүчөлөрү. Аба кемесин издөө иштери уланып жатат.