Индияда өрт кырсыгынан он бөбөк чарчап калды

Индиядагы өрт чыккан ооруканада жалпы 17 ымыркай болгон. Кырсык он наристенин өмүрүн алып, жетөөнү сактап калууга мүмкүн болду.
Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Индиянын Бхандара шаарындагы оорукананын жаңы төрөлгөн балдардын патологиясы бөлүмүнөн чыккан өрттөн онго жакын ымыркай чарчап калганын дарыгер Прамода Хандаттын айтканына таянуу менен ANI агенттиги жазды.
Хандат билдиргендей, өрт чыккан кезде оорукананын аталган бөлүмүндө 17 жаңы төрөлгөн наристе болгон. Ишембиге караган түнү медайымдардын бири патология бөлүмүнө кирип эле түтүн каптап кеткенин көргөн.
Ал окуя тууралуу оорукананын администрациясына билдирип, дароо өрт өчүрүүчүлөр чакырылган. Балдардын ону чарчап калып, жетөө аман калган.