Бишкек мэриясы ыш менен күрөшүүгө экокеңеш түздү

Экологиялык кеңешти турак-жай коммуналдык чарба иштери боюнча жаңы вице-мэр Жамалбек Ырсалиев жетектейт.
Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Бишкек мэриясынын алдында ыш менен күрөшүү үчүн экологиялык кеңеш түзүлгөндүгүн калаа башчылыгынын маалымат кызматы билдирди.
1 / 3
Бишкек мэриясынын алдында ыш менен күрөшүү үчүн экологиялык кеңеш түзүлдү
2 / 3
3 / 3
Жыйында ЖЭБди жана жеке секторлорду газ менен жылытуу жагы талкууланып, эксперттер Бишкекти жашылдандыруу долбоорун тааныштыруу менен бир катар сунуштарды беришти
Экокеңешти турак-жай коммуналдык чарба иштери боюнча вице-мэр Жамалбек Ырсалиев жетектейт. Кечээ мэрия жетекчилеринин, экологдордун, активисттердин жана өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Артём Новиковдун катышуусу менен биринчи отурум болуп өткөн.
Жыйында ЖЭБди жана жеке секторлорду газ менен жылытуу жагы талкууланып, эксперттер Бишкекти жашылдандыруу долбоорун тааныштыруу менен бир катар сунуштарды беришкен.