БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети президенттик шайлоонун алдында айрым талапкерлер жалган маалымат таратып жаткандыгын айтууда. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирүү таратты.
Анда "УКМК кызматкерлери президенттикке талапкерлердин бирине байланыштуу маанилүү билдирүү жасаганы жатат" деген социалдык тармактарда жайылтылган маалыматтар фейк экени белгиленген.
Атайын кызмат интернетте тараган маалыматтар талапкерлердин бирин атайын жаманатты кылуу максатында жайылтылган деп эсептей тургандыгын кошумчалаган.
"УКМК саясий күчтөргө кызмат кылбайт жана айрым топтордун өзүмчүл максаттарына жетүү үчүн саясий курал болуп бербейт. Негизги максат – элдин жыргалчылыгы жана Кыргызстандын гүлдөп-өсүшү үчүн кызмат кылуу", – деп жазылат мекеме тараткан билдирүүдө.
Атайын кызмат күч түзүмдөрү менен укук коргоо органдары саясаттан тышкары экендигин эске салып, чагымчыл маалымат тараткандар жоопкерчиликке тартыларын эскертип өткөн.