Өткөн суткада 165 киши COVID жуктуруп, 2 бейтап каза тапты. Соңку статистика

Учурда 887 бейтап стационарда, 1 266 киши амбулатордук негизде дарыланып жатат. Коронавирус жуктургандардын жалпы саны 81 991ге жетти.
Sputnik
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада 165 кишиден COVID-19 табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Жуктургандар:
Пандемия башталгандан бери республика боюнча коронавирус жуктургандардын саны 81 991ге жетти. Учурда 887 бейтап стационарда, 1 266 киши амбулатордук негизде дарыланып жатат.
Айыгып кеткендер:
Расмий маалыматтар боюнча, марттан бери 77 547 адам илдет жуктуруп сакайган.
Өткөн суткада Баткен менен Бишкекте эки бейтап көз жумду. Ушуну менен COVID-19дан каза болгондордун саны 1 365ке жетти.