50 тыйындык купюра аукциондо 3,8 миң рублге бааланууда. Себеби

Чет элдик интернет-аукционго 50 тыйындык купюранын 1993-жылдагы үлгүсү коюлду. Анын баштапкы баасы 4 миң сомдон ашат.
Sputnik
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Россиядагы "Мешок" интернет-аукционуна 50 тыйындык купюра коюлду. Ал 1993-жылы чыгарылган үлгүдө экени порталда жазылган.
Былтыр алтын куймасын сатып алгандар азыр бир топ пайда көрмөк. Рынокко саресеп
Сатуучу белгилегендей, бул алмаштыруучу сериядагы купюра, ал жараксыз банкнотторду алмаштыруу үчүн колдонулат. Булардын катар номерлери ар башка болот. Учурда ал 01/ZT сериясына ээ.
Мындай банкноталардын жүгүртүлүшү азыраак болгондуктан коллекционерлер арасында жогору бааланат.