Новиков: 2021-жыл экологияны коргоо жылы деп жарыяланышы мүмкүн

Жыл сайын Бишкекти ыш каптап, чоң көйгөй жаратып, быйыл дүйнөдөгү абасы булганган шаарлардын сап башына чыкты.
Sputnik
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Кыргызстанда 2021-жыл экологияны коргоо жылы деп жарыяланышы мүмкүн. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков билдирди.
Калк бийликтин буйругун так аткарышы керек. Экологиялык өзгөчө кырдаал деген эмне
Жыл сайын суук түшөрү менен Бишкекти ыш каптап, чоң көйгөй жаратат. Iqair.com сайтынын рейтинги боюнча борбор калаа дүйнөдөгү абасы булганган шаарлардын сап башына чыгууда. Абанын булгануусунун деңгээли “кооптуу” деп бааланууда.