Көчмөндөр жашоосунда чаар жылкынын орду абдан чоң. Кыргыздар көчүп-конгондо да аны пайдаланышкан. Мындай пикирин Мунарбек Кулданбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, чаар жылкынын кыргыздарга таандык экени тарых барактарынан изилденип жатат.
"Кыргыз эли көчмөн болгондуктан чаар жылкыны сыйлап, багып келген. Ал боюнча учурда изилдөөлөр жүрүп жатат. Кыргыз фольклорунда да көп маалыматтар табылып, "Манас" эпосунда да бул тууралуу баяндалган. Мындан тышкары, кытай тарыхында чаар жылкы кыргыздарга күч болуп келгендиги айтылган. Ал сымбаттуулугунан тышкары, катаал шартка чыдамкайлуулугу менен айырмаланат. Тарыхый чоң мааниге ээ чаар жылкыны улуттук деңгээлде жайылтуу зарыл", — деди Мунарбек Кулданбаев.
Ошондой эле адис чаар жылкы спортто эле эмес, айыл чарба багытында да адамга мыкты көмөкчү боло аларын кошумчалады.