Бишкекте парламенттик башкаруу формасын жактагандар акцияга чыгышты

Акцияга чыккандар мамлекетти башкаруу формасын аныктоо боюнча 10-январда өтө турган референдумда элди парламентаризмди колдоп добуш берүүгө чакырышты.
Sputnik
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Бишкек шаарынын борбордук "Ала-Тоо" аянтында парламентаризмди колдогон акция өттү. 50дөн ашык адам катышкан бул акцияга укук коргоочулар, активисттер жана парламент депутаты Дастан Бекешев катышты.
Катышуучулар парламенттик башкарууну колдогон жазууларды колдоруна кармап алышып, мамлекеттин башкаруу формасын аныктоо үчүн өтө турган референдумда парламенттик башкарууну колдоп добуш берүүгө чакырышты.
Референдумга карата 15 үгүт тобу каттоодон өттү. Дебаттардын графиги
Алардын айтымында, Кыргызстан үчүн эң ылайыктуу башкаруу формасы – бул парламентаризм. Чогулгандар "парламентаризм өзүн актаган жок" деген пикир менен макул эместигин билдиришип, парламенттик системага карабай иш жүзүндө президенттер бийликти колуна топтоп алганын айтышты.
5-6-октябрдагы саясий окуялардан кийин өлкөдө бийлик алмашкан. Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январга белгиленген. Бул күнү мамлекетти башкаруу формасын аныктаган референдум дагы болот.