БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. UFC уюмунун жетекчилиги аялдар бөлүмүн дагы бир дивизион (салмак категория) менен толуктаганы жатат. Бул тууралуу промоушендин башчысы Дана Уайт The Schmo каналына берген маегинде билдирген.
Анын айтымында, эми 47.62 килограмм (105 фунт) салмакка чейинки категорияда мушкер кыздар өз өнөрлөрүн тартуулоого мүмкүнчүлүк алышат.
"Мен 105 фунтка чейинкилердин дивизионун ачуу идеясын колдойм, биз бүгүнкү күндө бул маселени талкуулап жатабыз. Кандай болот, эмне майнап чыгат, көрөлүчү", — деген Уайт.
Учурда уюмдун аялдар дивизионунда төрт: жарым жеңил (61-66 килограмм), жеңилирээк (57-61 килограмм), жеңил (49-56 килограмм) жана эң жеңил (48-52 килограмм) салмак категориялары бар.
Баарына белгилүү болгондой, эң жеңил салмакта кытайлык Вейли Жанг чемпиондук титулдун ээси болуп саналат. Жеңил салмактагы чемпиондук кур кыргызстандык Валентина Шевченкого таандык. Ал жакында эле бразилиялык Женнифер Майяны утуп, төртүнчү ирет чемпиондук наамын коргоду.
Ал эми калган эки салмакта бразилиялык Аманда Нуньес биринчи сапта турат.