Православдар Рождествону кантип белгиледи. Чиркөөдөгү сүрөттөр

Sputnik

Зыярат кылуу Россиянын бардык чиркөөлөрүндө өткөрүлгөн. Пандемиядан улам азыраак киши келип, көбү Рождество майрамын телевизордон же социалдык тармактардан түз эфирден көрүштү.

Россиянын президенти Владимир Путин Рождествону Липна кыштагындагы Николанын чиркөөсүндө белгилеп, элине көп жакшылыктарды каалаган.

Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытов дагы православ христиандарын Рождество майрамы менен куттуктаган.

Рождество — христиандардын негизги майрамдарынын бири. Бул күнү үй-бүлөлөр чиркөөгө келип сыйынат.

 

1 / 15
Москванын жана бүткүл Рустун патриархы Кирилл Рождество майрамы учурунда. Сүрөт өлкөнүн баш калаасындагы чиркөөдө тартылган.
2 / 15
Чиркөөгө келгендер пандемияны эске алуу менен социалдык аралыкты сактап турушту
3 / 15
Рождествону белгилеген аял шам жагып жатат
4 / 15
Бул күнү үй-бүлөлөр чиркөөгө келип сыйынат
5 / 15
Рождество — Иисус Христостун туулган күнүнө карата негизделген христиандардын негизги майрамдарынын бири
6 / 15
Россиянын президенти Владимир Путин Рождествону Липна кыштагындагы Николанын чиркөөсүндө белгиледи
7 / 15
Путин православ христиандарына жана Рождествону майрамдап жаткан Россиянын бардык жарандарына ден соолук жана бакубатчылык каалаган
8 / 15
Санкт-Петербургдагы Казань чиркөөсүндөгү Рождество майрамы
9 / 15
Аталган чиркөөгө келген жаш кыздар
10 / 15
Коронавирус пандемиясына байланыштуу элдин көбү маскачан келди
11 / 15
Екатеринбургдагы ыйык Ованес-Карапет чиркөөсүндө Христостун туулган күнүн белгилөө ирмеми
12 / 15
Казандагы эң ири делген Никольский чиркөөсүнө келгендер
13 / 15
Рождество күнү ак дилден каалоо-тилектер көп айтылды
14 / 15
Майрамдан бир ирмем
15 / 15
Пандемиядан улам Рождество майрамынын көбү телевизордон же социалдык тармактардан түз эфирден көрсөтүлдү