Дүйнөнүн "күчтүү паспорттору". Кыргызстандын рейтингдеги орду

Тизме 200дөн ашуун өлкөнүн виза эрежеси анализденген соң визасыз кирүүгө мүмкүн болгон мамлекеттердин санына карап түзүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Швейцариянын Henley&Partners консалтинг компаниясы "дүйнөдөгү таасирдүү паспорттордун" рейтингин жаңылады. Анда Кыргызстан 80-орунда.
Тизме 200дөн ашуун өлкөнүн виза эрежеси анализденген соң https://ru.henleyglobal.com/passportindex визасыз кирүүгө мүмкүн болгон мамлекеттердин санына карап түзүлөт.
Кыргызстан саякаттоого ыңгайлуу өлкөлөрдүн сап башына чыкты. The Guardian рейтинги
Кыргызстан ээлеген ордун Армения жана Сьерра-Леоне менен бөлүшкөн. Бул өлкөнүн жарандары 63 мамлекетке виза жасатпастан кире алат.
Ал эми рейтингдин сап башында Япония (109 өлкө), Сингапур (190), Германия жана Түштүк Корея (189дан) турат.
Акыркы үч орунду (108ден 110-орунга чейин) Сирия (29 өлкө), Ирак (28) жана Афганистан (26) ээлеген.
Белгилей кетсек, Кыргызстан былтыркы рейтингде да ушул эле 80-орунда болчу.