Эки бейтап каза таап, 170 кишиден COVID-19 чыкты. Соңку статистика

Стационарларда жаткан бейтаптардын 54ү өтө оор абалда. Эки жүздөн ашыгынын абалы кыйын деп бааланып, тиешелүү дарылануудан өтүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы сутка ичинде 170 кишиден коронавирус чыгып, 206 бейтап сакайды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
Республика боюнча расмий түрдө жалпысынан коронавирус 81 826 кишиде табылды.
Өткөн сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:
Жугуштуу оорудан айыккандардын жалпы саны 77 376га жетти.
Тилекке каршы, өткөн суткада Бишкекте эки бейтап ооруну жеңе албай калды. COVID-19 ушуну менен 1 363 кишинин өмүрүн алып кетти.
Ал эми стационарларда 885 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен тогуз адамдын абалы канааттандырарлык, 573ү орточо, 249у оор, 54ү өтө оор абалда. Амбулатордук дарыланууда 1 277 бейтап бар.