Көбүнчө европалыктар алууда. Кыргыз балы 20дан ашык өлкөгө сатылды

Кыргызстандан бал Кытайга жана Сауд Аравияга ири өлчөмдө ташылган. Жалпысынан Европа мамлекеттерине көбүрөөк жөнөтүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Кыргызстан 2020-жылдын январынан октябрь айына чейин 388,3 тонна бал саткан. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Сатылган аселдин жалпы наркы 1,4 миллион доллардан ашкан (110,3 миллион сом).
Бал кайсы жакка канча өлчөмдө экспорттолгон (тонна менен):
2019-жылдын ушул эле мезгилинде 355 тоннадай бал 103,2 миллион сомго сатылган болчу.