ИИМ Чүйдүн милициясына автоунаалардын ачкычын карматты. Сүрөт

Машиналар милициянын көчмө кабылдамасы үчүн ылайыктап жабдылып, Чүй облусунун Панфилов жана Аламүдүн РИИБине жөнөтүлдү.
Sputnik
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Ички иштер министрлиги Чүй облусунун милициясына эки автоунаа бергенин мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2
Ички иштер министрлиги Чүй облусунун милициясына эки автоунаа бергенин мекеменин маалымат кызматы кабарлады
2 / 2
Автокөлүктөр ИИМдин Каржы-чарба камсыздоо башкы башкармалыгынын эсебинде турган. Алар милициянын көчмө кабылдамасы үчүн ылайыктап жабдылып, Чүй облусунун Панфилов жана Аламүдүн РИИБине жөнөтүлдү.
Автокөлүктөр ИИМдин Каржы-чарба камсыздоо башкы башкармалыгынын эсебинде турган. Алар милициянын көчмө кабылдамасы үчүн ылайыктап жабдылып, Чүй облусунун Панфилов жана Аламүдүн РИИБине жөнөтүлдү.
Автотранспортторду салтанаттуу түрдө тапшыруу учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо үчүн материалдык-техникалык ресурстарга өзгөчө көңүл бурулары белгиленген.
"Мындай унаалар милиция кызматкерлеринин алыскы райондорго чыгып кылмыштуулук, укук бузуулар, анын ичинен үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуусуна жана түшүндүрүү иштерди жүргүзүүсүнө шарт түзөт", — деп айтылат маалыматта.
Милициянын көчмө кабылдамасы социалдык органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен тыгыз иштешип, жеринен арыздарды кабыл алып, тиешелүү чараларды көрөт.