Майыптарга карап шайлоо участкаларынын 83 пайызына пандус орнотулду

Өткөн президенттик шайлоодо шайлоо участкаларынын үчтөн бири гана пандус менен жабдылган. Учурда шарттар жакшырып баратканы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Кыргызстандагы шайлоо участкаларынын 83 пайызы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин шартына карап пандустар менен жабдылды. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, 10-январда президенттик шайлоону жана референдумду өткөрүүнүн алкагында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулардын керектөө картасы жаңыланып, шарттар түзүлүп жатат.
Коопсуздук үчүн ар бир шайлоо участкасына экиден медик бекитилди
2017-жылдагы президенттик шайлоодо шайлоо участкаларынын үчтөн бирине гана пандус орнотулган болчу.
Өткөн жылдын февраль айында пандустар менен жабдылган шайлоо участкалары 43 пайызга, августта 65 пайызга, сентябрда 79 пайызга, ал эми декабрда 83,4 пайызга жеткени белгиленди.
Мындан тышкары, 185 участкада пандуска муктаждык жок. Ал эми 215 шайлоо участогунда атайын жабдуу орнотула элек, учурда добуш берүүчү жайда шарт түзүү жумуштары уланууда.