Бизде эркектер 1950-жылдан, ал эми аялдар 1960-жылдардан баштап ичимдик иче баштады. Азыркы учурду алып карай турган болсок, эркек кишилердин 70 пайызы, аялдардын 30 пайызы спирт ичимдигин ичет. Бул тууралуу Шайлообек Өмүралиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аракечтик — адамды акылдан алган, үй-бүлөгө бүлүк салган оору.
"Ичимдикке көз карандылык өтө татаал илдет. Аны дарылоо ракты айыктыргандан да жаман. Бул оорунун келип чыгышынын төрт себеби бар. Кандагы ферменттин жоктугу, ичимдиктин психикага таасир этиши, социалдык фактор же болбосо түрдүү майрамдарда дайыма ичимдик ичип туруу. Бул учурда канында алкогольдегидрогеназа, дофамин β-гидроксилаза деген эки фермент жок болгон адамдар токтоно албай ичип кетишет. Бул ферменттер жүзүм жеп, аны ачытып ичкен калктын канында жетиштүү деңгээлде болот. Алсак, грузин, армян, испан, италиялыктар, француздар оңой менен аракеч болуп кетпейт. Эң коркунучтуусу, көчмөн элдин канында аталган ферменттер жокко эсе. Монголия алкоголго көз карандылыктан жапа чеккен адамдарынын саны боюнча биринчи орунга чыкты. Себеби көчмөндөр эт, сүт менен тамактангандыктан канында аракка каршы зат жок. Ошондуктан бул адамдарга таптакыр ичкенге болбойт. Аракеч болуп кеткен адамдын араксыз жашоосу кызыксыз сезилет. Алкоголик сонун аба ырайына, баласынын "беш" алып келгенине, башка жагымдуу кабарга мурдагыдай сүйүнбөйт. Ага дайыма бир нерсе жетпейт. Эс алууга чыкса сөзсүз түрдө ичиш керек болуп калат. Аракечтиктин тукум кууган да жагы бар", — деди Өмүралиев.
Нарколог адам аракечтиктен кутулам десе оюн, мүнөзүн, адатын жана чөйрөсүн өзгөртүүсү зарыл экенин кошумчалады.