АКШдагы башаламандык: КР элчилиги мекендештерге кайрылуу жасады

Вашингтондогу полиция менен Дональд Трамптын тарапташтарынын кагылышуусу
Түндө Трамптын тарапташтары Жо Байден жеңип чыккан президенттик шайлоонун жыйынтыгын карай турган сенаттын имаратына кирип барышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Вашингтондогу башаламандыктарга байланыштуу Кыргызстандын АКШдагы элчилиги ошол жактагы мекендештерге кайрылды.
Билдирүү социалдык тармактарга жарыяланды. Бүгүн, 7-январга караган түнү, АКШ президенти Дональд Трамптын тарапташтары президенттик шайлоонун жыйынтыгын карай турган сенаттын имаратына кирип барышкан. Митингчилер менен күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери кагылышкан.
Вашингтондогу полиция менен Дональд Трамптын тарапташтарынын кагылышуусу
Вашингтондогу башаламандыктан 4 адам каза тапты. Капитолийди басып алган видео
Элчилик мекендештерди эл көп чогулган жерлерден алыс болуп, этият жүрүүнү суранды.
Ошондой эле жабыркаган же кармалган кыргызстандыктар жөнүндө маалыматтар болсо тез аранын ичинде +1 (202) 2562924 (ишеним телефону) номерине же kgconsulate.washington@mfa.gov.kg, kgembassy.usa@mfa.gov.kg элекрондук даректерине кабарлап коюуну өтүнөт.