БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жооптуу кызматкерлери кызмат абалынан пайдаланып "Эркин-Тоо" ачык акционердик коомунун акционерлери жана курулуш компаниясы менен жең ичинен сүйлөшүп, аталган тарыхый жайдын ордуна үй куруу максатын көздөгөн. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Аталган ведомство "Эркин-Тоону" тарыхый жана маданий эстелиги деген тизмеден мыйзамсыз чыгарылгандыгын таап чыккан. Ал "макулдашуу " 2015-жылы болгондугу айтылды.
"2015-жылы "Эркин-Тоо" ачык акционердик коомунун акционерлери Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жооптуу кызматкерлери жана курулуш компаниясынын бири менен сүйлөшүп алып, тарыхый жай турган жерге көп кабаттуу үй тургузууну сүйлөшкөн. Алар мындан пайда табууну көздөгөн. Гезит жана китеп басып чыгарган "Эркин-Тоо" ишканасынын имаратын тарыхый жайлардын тизмесинен чыгарууда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын илимий-техникалык жактан тиешелүү экспертизасы жүргүзүлгөн эмес", -— деп айтылат таратылган маалыматта.
Мындан 19 жыл мурда өкмөт өзүнүн токтому менен гезит жана китеп басып чыгарган "Эркин-Тоо" басмаканасынын имаратын КРдин мамлекеттик маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтердин мамлекеттик тизмесине киргизген.
Аталган имараттын тарыхы өзгөчө. Мурдагы басма үйүндө Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында 163-аткычтар бригадасы түптөлгөн. Азыр "алтын чарчы" деп аталган ал имарат Бишкектин чок ортосунда, Тыныстанов, Киев көчөлөрүнүн, Чүй, Эркиндик проспектилеринин кесилишинде жайгашкан.
КРдин Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамына ылайык, мурас катары каралган имаратты түрттүрүү, кайра куруп чыгуу жана объектини өзгөртүү кыргыз өкмөтүнүн уруксаты менен гана жүргүзүлүшү керек.
УКМКдан учурда "Эркин-Тоо" басмаканасын тарыхый-маданий мурастардын тизмесине кайра кайтаруу боюнча иштер жүрүп жаткандыгын билдиришти.