Колдойлу! Валентина Шевченко жылдын мыкты мушкери наамына талапкер болууда

Кыргызстандык спортчу кыз бул наам үчүн Аманда Нуньес, Жанг Вейли, Маккензи Дерн жана Аманда Рибас менен ат салышып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Кыргызстандык Валентина Шевченко UFC уюмунун 2020-жылдагы "Эң мыкты мушкер айым" наамына талапкер болууда. Сурамжылоону UFC Russia менен @Championat_com биргеликте уюштурган.
Кыргызстандык спортчу аталган наам үчүн Аманда Нуньес, Жанг Вейли, Маккензи Дерн жана Аманда Рибас менен ат салышууда.
Сүйүнчү! Айсулуу кыздар күрөшүнүн тарыхында эң мыкты балбан деп табылды
Шевченко промоушендин кыз-келиндер дивизионундагы жеңил салмактын чемпиону болуп саналат. Ал жакында эле бразилиялык Женнифер Майяны утуп, төртүнчү ирет наамын коргоду.
UFC уюмунун 2020-жылдагы мыкты мушкер айымы сурамжылоонун жыйынтыгы менен 9-январда аныкталат.
Кыргызстандык Валентина Шевченкону колдогуңуз келсе, анда төмөнкү шилтемеге кирип, добуш берсеңиз болот.