Коопсуздук үчүн ар бир шайлоо участкасына экиден медик бекитилди

Президенттик шайлоого карата медициналык мекемелерде кошумча орундар медикаменттер менен даярдалган.
Sputnik
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Санитардык нормаларды көзөмөлдөө үчүн ар бир шайлоо участкасында экиден медик иш алып барат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы Калыс Шадыканов мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабдын жыйынында билдирди.
Анын айтымында, шайлоо күнүнө карата медициналык мекемелерде кошумча орундар, медикаменттер даярдалган.
"Санитардык кызматтын дарыгерлери өлкөдөгү участкаларды текшерип чыгышты. Бүгүнкү күндө коронавирустан, грипптен сактануу боюнча эскертүүчү маалыматтык кагаздар илинди. Добуш берүү күнү орто персоналдагы медиктер ар бир участкада иштейт. Ал эми дарыгерлер жумуш ордунда нөөмөткө турат. Ар бир аймакка Тез жардам кызматы бекитилген. Чалуу түшсө дароо бара калышат. Тез жардам машиналары, күйүүчү май баары толугу менен даяр", — деди Шадыканов.
Белгилей кетсек, президенттик шайлоо күнү өлкө аймактарында 2 474 добуш берүү участкасы ачылат.