Бүгүн президенттикке талапкерлердин дебатынын экинчи туру башталат. Катышуучулар

Бул ирет да дебат биринчисиндей эле үч күнгө созулат. Адегенде ага алты талапкердин катышуусу күтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Бүгүн президенттикке талапкерлердин теледебатынын экинчи туру башталат. Аны Коомдук телерадиокорпорациясы түз эфирде көрсөтөт.
Дебаттардын экинчи туру 6-7-8-январь болуп үч күнгө созулат. Андан соң талапкерлерге бөлүнгөн акысыз эфирдин убактысы аяктайт.
Бүгүнкү дебаттын катышуучулары:
Президенттикке талапкерлер 105 млн. сом коротушту. Тизме
Белгилей кетсек, дебаттардын биринчи туру узаган жылдын декабрь айында өткөн. Президенттик шайлоо менен бирге башкаруу формасын аныктай турган референдум 10-январга белгиленди. Ажолукка 17 талапкер ат салышууда.