Өмүрдү узарта турчу азыктар аталды

Медиктер санаган жашылчалар залалдуу шишиктин пайда болуу коркунучун азайтып, эрте өлүмдү алдын алышы ыктымал.
Sputnik
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. АКШдагы Кливленд клиникасынын медиктери организм үчүн пайдалуу жана өмүрдү узартууга жардам берген азыктарды аташкан. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 
Дарыгер боорго пайдалуу деген азыктарды айтып берди
Медиктер белгилегендей, брокколи, брюссель капустасы, мангольд (кызылчанын жалбырагына окшош өсүмдүк), васаби, брюква пайдалуу азыктардын катарын толуктайт.
Аталган жашылчалар залалдуу шишиктин пайда болуу коркунучун азайтып, эрте өлүмдү алдын алышы ыктымал.
Натыйжа жакшы болуш үчүн адистер мындай жашылчадан күнүнө беш порциядан жеп турууну сунушташкан.