БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Чүй райондук ички иштер башкармалыгы элди социалдык тармактарда жалган маалыматтарды таратуудан алыс болууга чакырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.
Маалыматта социалдык тармактарда тарап жаткан жалган маалыматтар элдин тынчын алып жатканы белгиленген.
"Ошондой эле райондук милициянын көчмө кабылдамасы президенттик шайлоонун алдында калк арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө", — деп жазылат маалыматта.
Узаган жылы райондук милициянын көчмө кабылдамасы тарабынан 580 жолу чыгуу болгон, анда жергиликтүү тургундардан 170тен ашык кайрылуу каттоого алынган.