Техникалык кооптуулуктан улам Ошко кеткен учак Бишкекке кайтып келди

Жүргүнчүлөр башка борт менен Ошко кетишкен. Жарандык авиация менен авиакомпания учактарды текшере турган болду.
Sputnik
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Бишкектен Ошко кеткен учак кайра кайтып келгенин "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.
"Тез жет" авиакомпаниясынын учагы саат 15:20да абага көтөрүлгөн. Бирок 22 мүнөттөн кийин аба кемеси техникалык себептерден улам Бишкектеги аэропортко кайтып келген.
Жүргүнчүлөр башка бортко которулуп, саат 16:51де Ошко учуп кеткен.
Жарандык авиация менен авиакомпания учактарды текшермей болду.