Шайлоо алдында 119 Call-борборуна кошумча операторлор тартылат

Шайлоодо жарандарды биометрикалык идентификациядан өткөрүү үчүн жабдыктарды даярдоо иши дагы кызуу жүрүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Алдыдагы президенттик шайлоого карата 119 Call-борборунун операторлору күчөтүлгөн режимде иштеп баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Кызматкерлер майрам жана дем алыш күндөрү дагы эл кызматында болушат.
"Шайлоо күнү, 10-январда, 60тан ашык оператор телефон чалууларга жооп берет. 119 Call-борборуна чалуулар бардык уюлдук операторлордун абоненттери үчүн бекер", — дешти Мамкаттоодон.
УКМК: шайлоого карата өлкөгө кирген-чыккан адамдар тыкыр текшерилип жатат
Мындан тышкары, жарандарды биометрикалык идентификациядан өткөрүү үчүн жабдыктарды даярдоо иши жүрүп жатат. Учурда Мамкаттоонун 120 кызматкери жабдыктарды комплектациялоо жана бөлүштүрүүнүн үстүндө иштөөдө.
Алдыдагы шайлоодо республика боюнча "Инфоком" ишканасынын 420 кызматкери жана шайлоочуларды идентификациядан өткөрүү үчүн 6200 комплект жабдык иштейт. Кошумча резервдик жабдыктар дагы даярдалат.