Бишкекте бир бейтап көз жумуп, 144 кишиден вирус чыкты. Соңку маалымат

Кыргызстанда пандемиядан бери расмий түрдө 81 656 адамдан коронавирус аныкталган. Анын тең жарымынан көбү ооруну жеңди.
Sputnik
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада 144 кишиден коронавирус табылды, ал эми 215 бейтап оорудан айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Соңку сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
Кыргызстанда пандемиядан бери расмий түрдө 81 656 адамдан коронавирус аныкталган.
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:
Ушуну менен жугуштуу ооруну жеңгендердин саны 77 170ке жетти.
Тилекке каршы, сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте бир бейтап көз жумган. Жалпысынан вирус 1 361 адамдын өмүрүн алды.
Ал эми стационарда 912 бейтап дарыланууда. Анын ичинен 10 адамдын абалы канааттандырарлык, 624ү орточо, 224ү оор жана 54ү өтө оор абалда.