БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Бишкекте дайынсыз жоголгон 75 жаштагы Куват Айдаров жоголгонун туугандары кабарлады.
Пропавший в Бишкеке Куват Айдаров
© Фото / предоставлено родственниками пропавшего
Ал кечээ күнү Батыш автовокзалынан анча алыс эмес жерде жайгашкан үйүнөн саат 17:00дөр чамасында чыгып кетип кайра кайтып келген эмес. Туугандарынын айтымында, карыянын эске тутуусу начар.
Ал сыртка үйдөгү кийими менен чыгып кеткен, баш кийими жок. Жеңил куртка кийген.
Куват Айдаровду көргөн-билгендер болсо 0 (707) 39-67-33, 0 (707) 02-94-04 номерлерине кабарлап коюуга болот.